Бишкек шаарынын Панорама эс алуу аймагында өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Элмира Шерипова SUPER.KG'ге билдирди.
Маалыматка караганда, тилсиз жоонун келип чыгышына тамеки тартуудагы этиятсыздык себеп болгон.
"Кырсык тууралуу маалымат 16-сентябрга караган түнү саат 2:39да келип түшкөн. Өрттү өчүрүү үчүн 2 бөлүм тартылып, саат 4:42 чамасында толук өчүрүлгөн. Жалпысынан 5 гектарга жакын аянттагы куураган чөп жана бадалдар күйгөн. Жабыр тарткандар жок", - деди Шерипова.