ЖЫЛНААМА, 17-СЕНТЯБРЬ: 52 жашка толгон ырчы Расул Маматкулов туулган күнүн эң жакын адамдарынын курчоосунда өткөрөт

Бүгүн, 17-сентябрда Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Расул Маматкулов 52 жашка толду. Ырчыны туулган күнү менен куттуктап байланышка чыкканыбызда ыраазычылыгын билдирип, туулган күндүк маанайы абдан жакшы экенин, бүгүн эң жакын адамдарынын курчоосунда белгилей турганын билдирди.

Ырчынын "Супер-Инфо" гезитине берген маегинен үзүндү:

  • "1998-жылы фонограммасыз ырдоо демилгесин алгач мен көтөргөм. Чынында гастролго аябай көп чыкчумун, 6-7 саат тынбай жандуу ырдай берет элем. Менин деңгээлимдеги ырчылар чыгып фонограмма менен, а мен жандуу ырдайм, бирок элдин кабыл алуусу бирдей эле деп кой. Анан бир акылдуу киши "үнүң сенин акча таба турган, үй-бүлө бага турган куралың, кичине аясаңчы" деген кеңешин айткан эле, ошондон кийин ойлонуп калдым.
    Өзүмдү улуу композитормун дебейм. Жөн эле мүмкүнчүлүгүмө жараша элдин маанайына ылайык ырларды жазып коём. Ырларым тойлордо көп ырдалат, бийлегенге ыңгайлуу, жаттаганга оңой дегендей. Чыгармаларымды сүйүп уккан күйөрмандарым бар, ошон үчүн 20 жылдан ашуун чыгармачылыкта жүрсөм керек. Кафелерде көп иштеп жүрүп кардарларыбыз өзбек, уйгур, айтор, чет элдик ырларга көп бийлешерин билчүмүн. Бир күнү арданып эмнеге кыргызча ырга бийлегенге болбосун деп, "От болдум" деген ырымды чыгаргам. Ойлогондой эле бардык улут бийлей турган ыр болду. Ал эми "Мерседес" деген ырымды "кыргыз кыздарын темирге теңеди" деп сындап жүрүшөт. Бул ырдын сөзүн Манас Бердибеков жазган, ошондо ыраматылык көзү ачыктык кылып "эл кандай түшүнөт?" деди эле. "Мерседес" деген деле татынакай кыздын аты болгон, ошол кыздан кыргыздын кыздары кем эмес деген мааниде эле жазылган болчу".

  • "Жубайым Катяны биринчи жолу концертте көрүп тааныша албай койгом. Анда арыкчырай сулуу кыз эле (күлүп). Ошол концертте тийишип, артынан куусам да таанышпай койгон. Бир күнү үй алайын деп жарыя боюнча бир үйгө барып, дарбазасын каккыласам, Катя ачып жатпайбы. Ошентип кайра таап алдым. Жылдызыбыз келишти, үйлөнүп алдык.
    Ошол киши менен өмүр бою жашагың келерин адамды бир көргөндө эле түшүнөсүң. Катя менин бекем, ишеничтүү тылым. Бирди эки кылган жакшы сапаты бар. Өзүм чыр-чатактан алыс адаммын, бирөө менен айтышпайм, жубайым сүйлөй бериши мүмкүн, а мен дароо эшикти жаап чыгып кетем. Бирок жыйынтыгы мен айткандай болот, жубайым үйдүн мотору, мен дайыма рулдамын. Балдарга кам көрүү, үй түйшүктөрү баары жеңеңердин моюнунда, мен орчундуу маселелерди гана чечем".
  • "Телевизордон купальникчен, керек болсо жылаңач кыздарды деле көрөм. Аларга караганда менин кызым татынакай эле кийинип турат.

  • Кызымдын кийингени мага абдан жагат. Өзүнүн табити бар. Кичине эле кыска кийип койсо, кеп кылып жатып калышат. Ошондон улам Айгерим эл арасында кызыгуу жаратат деп эсептейм. Менин кийингеним да кызыма жагат. "Ата, сиз кычырап жүрүшүңүз керек. 1-орунда болушуңуз керек" деп турат".

    Расул Маматкулов 1966-жылы 17-сентябрда Жалал-Абад облусунун Сузак районунда туулган. Ал 1989-жылы “Жаштар фестивалын” жеңип алып, ошондон тарта чыгармачылыкка баш-оту менен киришкен. “Мен бийге чакырсамбы?”, “От болдум” ырларынын арты менен популярдуулукка жеткен. Кесиби боюнча опера ырчысы болгону менен эстраданы тандаганына өкүнбөй турганын айтып келет.

    • 16 жашынан бери узун чач менен жүрөт;
    • Күрөш менен машыгып жүрүп бутун кокустатып, операция болгон соң спорт менен машыгууну токтоткон;
    • Ырчы шоу-бизнес өкүлдөрүнүн ичинен эң кымбат саат тагынгандардын катарына кирет. Анын учурдагы саатынын баасы - 10 миң доллардын тегерегинде;
    • Орус улутундагы жубайынан Жанна аттуу кыздуу жана Руслан деген уулдуу болгон соң эки башка жолго түшүп, учурдагы жубайы Катяга үйлөнгөн.

17-сентябрдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан