Белгилүү футболчу Криштиану Роналду "Ювентус" футболдук клубунда өзүнүн алгачкы голун киргизди. Чабуулчу А сериясынын 4-турундагы "Сассуоло" командасына каршы өткөн беттештин 49-мүнөтүндө алгачкы голду киргизген. Андан соң оюндун 65-мүнөтүндө экинчи голун атаандашынын дарбазасына киргизди.
Оюндун аягында чабуулчу өз сезимдери менен бөлүшкөн.
"Мен абдан бактылуумун. "Реалдан" кеткенден бери алгачкы гол киргизүүмдү күйөрмандар эле эмес, өзүм да аябай күткөм", - деген ал.
Айта кетсек, Роналду ушул жылдын июль айында испаниялык "Реал Мадрид" клубунан италиялык "Ювентуска" өткөн. Бул трансфер 112 миллион еврого бааланган. Ошондой эле Роналду жылына 30 миллион евро маяна алып турары айтылган.