Нарында оор жүк ташуучу унаа чабандын 100дөн ашык коюн тебелеп кетти. Облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз катчысы Калыс Өмүрзаковдун SUPER.KG'ге кабарлашынча, кырсык 16-сентябрга караган түнү саат 2:30 чамасында Нарын-Торугарт жолунун 419-чакырымында катталган.
Анда Бишкектен Кытайга бараткан айдоочу Фурасы менен Арпа жайлоосунан Ат-Башы районундагы Кара-Суу айылына келе жаткан чабандын койлорун тебелеп кеткен.
"Кырсык болгон жерде чабандын жалпы 97 кою өлгөн. Учурда мал ээсинин жазган арызынын негизинде тергөө иштери жүрүп жатат", - деди Өмүрзаков.
Басма сөз катчы облустук башкармалыктын атынан чабандардан коопсуздукту алдын алуу үчүн унаа жолдор менен мал айдоодо түнкүсүн жарыкты чагылдыруучу кийим кийүүнү жана колуна кызыл тасма алып жүрүүнү өтүндү.