Июнь айында Өзбекстандын Ташкент шаарында өткөн таэквондо боюнча Азия чемпиондугунда Кыргызстандын Ысык-Көл облусунан барган жаш спортчулар ийгиликтүү кайтышты. Маалыматка ылайык, бул эл аралык мелдеште Кыргызстандын таэквондочулары 9 өлкөнүн командаларынын ичинен 2-орунду ээлешти. Балыкчыдан кеткен 7 жаш спортчунун төртөөсү байгелүү орундарды камсыз кылышкан. Тагыраак айтканда, 2 спортчу күмүш медалдарына татыса, экөөсү коло медалга ээ болушту.