Түркияда кыргыз жана өзбек кыздарын сойкулук менен алектенүүгө мажбурлаган 14 адам кармалды

Түркияда кыргыз кыздарын сойкулук менен алектенүүгө мажбурлаган 14 адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-сентябрда жергиликтүү массалык маалымат каражаттары жазып чыкты.

Полиция кызматкерлери тарабынан Анталия жана Манавгат шаарларында кыргыз кыздарын жана Өзбекстандан барган кыздарды сойкулук менен алектенүүгө мажбурлаган жарандар колго түшүрүлдү.

Иликтөө иштеринин алкагында Анталияда кылмышка шектүү катары 9 жаран кармалган, алардын үчөө аял. Ал эми Манавгат шаарында З.Севкозиева жана Г.Мамажанова аттуу азербайжандык эки жаран кармалган. Алар шаар ичиндеги мейманкананын ээси менен биргеликте сойкукана иштетип келген. Аталган жайда кыргыз жана өзбек кыздарын сойкулук менен алектенүүгө мажбурлап келишкен.

"Полиция кызматкерлеринин жүргүзөн иликтөө иштеринин алкагында жалпы 10 аял куткарылды. Алардын ичинен 7си чет элдик жарандар. Учурда алар тиешелүү мекеменин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. Аз убакыттын ичинде алар өз мекендерине жөнөтүлмөкчү", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
i1urp
2018-09-17 18:41:11
Женил акча. Зато крупно.
-1
Kgda
2018-09-17 18:44:54
Бул жерде ошол жерге барган кыздарын оздорундо куноо,тынбайт экенда ушул биздин канчыктар,кайда барсан кыргыздын кыздарын ар кайсы улутар жайлап журот.2 милярд калкы бар кытайдын кыздары да абийрин кармашат туш келген менен журбойт. Кыздар качан тыйыласынар же силерге ошол нерсе эле керекпи!!!??!
+6
ailin_2017
2018-09-17 18:54:23
бул жакта отуруп алып эле куноологонубуз туура эмес байкуш кыздар алданып баргандыр жана алар мажбурлашкандыр баарына ыйман берсин жана адал тамак жегенге насип кылсын
-1
Kairat1996
2018-09-17 20:41:08
Кыйынмын дегендер ошолорго акча таап бергиле.
-2
AKCAHAT
2018-09-17 22:23:58
Турцияга иштеткени жоноткон жакындарына уят.
+1
Baatirbek81
2018-09-17 22:59:45
Булар үчүн жакшы бизес болсо керек ХХХХХХХХ
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан