ЭЛДИК КАБАР: "Чаткалдагы алтын өндүргөн чакан компания жумушчуларга келишим боюнча иш бербей жатат" дейт окурман

"Соңку кабар" бөлүмүнүн "ЭЛДИК КАБАР" рубрикасына окурман "Чаткалдагы алтын өндүргөн чакан компанияда кыргыздар менен кытайлардын ортосунда жаңжал болуп жатат" деген билдирүүсүн жөнөткөн.

"Чаткал районунда алтын өндүргөн "Чаарат" Кытай компаниясы менен жумушчулардын ортосунда жаңжал чыкты. Анын келип чыгышы аталган компания жергиликтүү тургундарды иш менен камсыз кылуу үчүн 5 айга келишим түзгөн. Келишимге ылайык, ар бир жумушчуга компания айына 10 миң сом төлөп 3 ай окутту. Калган 2 айда жумуш менен камсыз кылып, 21 миң сомдон маяна төлөп бермек. Бирок окуубузду аяктагандан кийин жумуш жок болуп жатат деп 3 миң 800 сомдон беребиз, акчаңарды алып кете бергиле деп жатат. Биз бул жумушту 1 жыл күткөнбүз. Бизге берилчү жумуш орундарында кытайлар өздөрү иштеп жатат", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
grace
2018-09-17 17:13:43
Кууш керек арам кытайды! Башка жол жок! Дордойдо да кыргыздардын ордун кытайлар тартып алып жатат! Өз жерибизде эмнеге буларды башыбызга чыгарабыз?
+2
nur...nur.
2018-09-17 18:06:26
Алдай берет кууп жибериш керек акимди кошуп
0
Matahara1980
2018-09-17 21:04:05
Кытайларды кууп коргуло эми, алар озбектер эмес кубаласан озбекстанды коздой качкан, башында киргизбеш болчу буларды
0
Parish
2018-09-18 12:43:47
ОЗУ Чаткалдагы акимди алмаштырмайынча Чаткал онолбой турган жагына отуп калды.Карупция толуп калды.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан