Бүгүн, 17-сентябрда Словакиянын Транава шаарында грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугу өтүүдө. Анда кыргыз спортчулары 4 салмак ченинде күч сынашты.
55 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшкөн Нуртазин Керимберди уулу чейрек финалда азербайжандык Зулфугар Алыев менен күч сынашты. Керимберди уулу алгачкы мүнөттөрдөн атаандашына мыкты каршылык көрсөтүп, 57 секунддун ичинде эсеп санын 8:0 кылып, жеңишке жетти. Муну менен Нуртазин Керимберди уулу жарым финалга чыгып, анда ирандык Мохаммед Насирпур менен кездешет.
Айта кетсек, аталган мелдеште кыргыз балбаны Эрбол Бакиров жарым финалга чыкса, Акжол Махмудов чейрек финалда жеңилүү ызасын тартып көңүл жубатуучу раундда беттешет.