ЭЛДИК КАБАР: "Жети-Өгүздө жеңил унаалар сүзүшүп, кырсыктан айдоочу каза болду" дейт окурман

"ЭЛДИК КАБАР" рубрикасына окурман "Жети-Өгүз районунда эки жеңил унаа кагышып, кырсыктан айдоочу каза болду" деген билдирүүсүн жөнөткөн.

Маалыматка караганда, окуя бүгүн, 17-сентябрда саат 17:00 чамасында катталган.

"Жети-Өгүз районуна караштуу Челпек жана Ырдык айылын бириктирген жолдо эки унаа сүзүшүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен Гольф 2 унаасынын айдоочусу жеринен каза болгон. Каза болгон жаран Ырдык айылынын 1993-жылы туулган тургуну болгон. Ал эми экинчи унаанын айдоочусу менен жүргүнчүлөр Ысык-Көл облустук ооруканасына жеткирилген. Кырсыкка Гольф 2 унаасынын айдоочусу күнөөлүү. Ал каршы тилкеге чыккан", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Baatirbek81
2018-09-17 22:36:53
Түүй ата жаман окуя болуптур!жайы жанаттан болсун.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан