18-сентябрга караган түнү Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы "Ак-Тилек" базарынан өрт чыкты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, аталган базардын ичиндеги контейнерден өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түнкү саат 22:35те келип түшкөн. Өрттү өчүрүүгө жалпы 4 бөлүм тартылып, өз ишин баштаган.
Айрым күбөлөрдүн айтымында, өрт газ баллон жарылуусунан улам келип чыккан. Алдын ала алынган маалыматтарга караганда, жабыркагандар жок. Азырынча өрттүн өчкөндүгү тууралуу маалымат таратыла элек.