ЭЛДИК КАБАР: "Ошто 1-2-класстын окуучуларынан класс жетекчиге деп 1800 сомдон акча алышат" дейт окурман

"Ош облусундагы Кыргыз-Чек айылындагы орто мектепте 1-2-класстын окуучуларын окуткан мугалимге 1800 сомдон акча алышат" деген билдирүүсүн окурман "ЭЛДИК КАБАР" рубрикасына жөнөткөн.

"Кара-Суу районуна караштуу Кыргыз-Чек айылындагы Садык Алайчы орто мектебинде негизсиз акча чогултуулар орун алууда. Анда 1-2-класстын ар бир окуучусу класс жетекчисине жылына 1800 сом акча төлөйт. Класс жетекчисине берген акча каражатынан тышкары тамак-ашка айына 150 сом, кароолчуга жылына 180 сом, мектептин фондуна 450 сом, класстык казынага 200 сомдон беребиз. Менин балам быйыл 2-класста окуп жатат. Былтыркы жылы дагы класс жетекчинин контрагына 1800 сомдон бересиңер деп акча алган. Эми быйыл дагы сурап жатат. Себебин сурасак бул чогултулган акча мугалимдин жол киресине берилет дейт. Учурда 2-класста 80 окуучу окуйт", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
Sagyn.91
2018-09-18 14:09:58
Эмне айтышынды деле билбейсин...
+2
KUMKA
2018-09-18 14:14:13
Урматтуу Сооронбай Шарипович,бизге окшойгон мамлекеттик кызматта иштеген жонокой кызматкерлерге абдан кыйын болууда. Бала бакчанын, мектептин чыгымы биздин адал эмгек менен тапкан акчабыздын баарын алып коюуда.Элдин чыдамы бутуп баратат. Тез арада оз козомолунузго алып, Коопсуздук Кенешинде билим беруу тармагын дагы коррупцияны жоюу боюнча маселе которуунузду суранабыз..Ош шаары
+3
Jasa
2018-09-18 14:14:29
россиядан кетбей эле коет окшойм, айына садикке 1089толоп коем болду,крга эле кетсемби деп план кылып аткам сагынгандан ,эми акча акча дей берсе кандай болот....
+1
KUMKA
2018-09-18 14:16:19
Jasa,туура кыласын, бул жакка келсен "кайырчыларга" тутуласын..
+2
edua
2018-09-18 14:29:31
Бакиев ушуга окшогон чогултмайды жок кылган эле.тамагын дагы бекер эле.
+7
CEO1
2018-09-18 14:35:25
Бул кандай класс экен, 80 бала окуса?! Же 3-4 классты бириктирип сабак отобу?! Тушунуксуз.

Бирок 80 бала баары 1800 сомдон бергенде да, 9 айга эсептегенде да, ай сайын 16 000 сомдон тийет экен. Эгер чын болсо, демек мугалим кундо такси менен жумушка каттайт, болгондо да бизнес класс такси менен. Же директор менен бугхалтер учоо болушушот ортодон...

Кыскасы коррупция. Баса, кароолчуга Окмоттон маяна каралат. Мектептик фонд менен класстык казынасы да КОРРУПЦИЯ!!!
+2
Alixan-Nookat.2015
2018-09-18 15:15:03
Менда Берген акчамды айтып берейин 1- класстагы балам үчүн: Мектептин сырты сырдалды устага деп 500 сом, класстын ичин жасаганга 500 сом, кароолчуга 180 сом, банкка барып 900 сом токкуло дейт жалпы фонд окшойт, ошентип сентябрь ичи 2080 сом бердим.
0
Saida86
2018-09-20 12:03:05
Alixan-Nookat.2015, Туура эле, себеби мамлекет камсыз кылбайт, а мугалимдерден талап кылат. Анан эмне мугалим кароолчуга да, устага да, классты да оз чонтогунон жасалгалап, толош керекпи. Ата-энелер дагы ойлонсонор болот кичине. Частный мектептерде айына 10 000 сомдон толоп унчукпай эле окутуп келатышат ко балдарын, а биз мамлекеттик мектептерде жылына чогултуп берип жатабыз го 1000-2000 сомду, зато балдарыбыз бир жыл окушат
0
Ainazik_16
2018-09-18 15:25:13
Меники да 1класстагы кызыма чогулткан акчасы 1800ден ашып калды,окуганына 1ай боло элек.мектепке барсан эле акча деп эле мугалиминин номерин тлфонго "акча"деп сохранить кылып койдум.
0
BarsBaatyr
2018-09-18 15:27:22
Мадумаров бул маселени көтөрүп, акча алмайды жок кылган.Ошол ишинин кадырына жетпеди Кыргыз эли.Туруп-туруп бизге дагы чала болот дегим келет.
0
Bayazet
2018-09-18 15:43:21
Буну ысырыгы жок кайыпчылар деп коет
+2
Paprikafm
2018-09-18 21:20:27
Директоруна чалып тактабадыңарбы супер инфо
0
Aliyar85
2018-09-19 09:05:58
Бул дагы кыргызча цивилизации башка айласы калган емеско !коментарии жазгандарга бут бесплатная болсо,жата берсе анан бесплатна болсо андай болбойтко бирок Жакшы елебиз чем соседке караганда,Кыргызстан да эн Жакшы тамак же озун алаксытмай чиновник жамандамай бирок ошону кублаганга зеригип уйдо жатмай коркуп!
0
tynara81
2018-09-19 12:19:26
Менин балдарым Ош шаарына караган мектепте окушту былтыры. Ремонтко 300 сом, фондго 300 сом сурашты. Ремонтко бердим. Фондго өз каалосу менен гана бериш керек экен деп берген жокмун. Жылдын аягында сураган үчүн кийинки жылы балдарды башка мектепке котором деген план бар болчу. Башка эч нерсеге чогултушпады окшойт
0
Saida86
2018-09-20 11:45:01
Класстык фондго, охрана, ремонт деген сыяктуу чогулмайлар баардык мектептерде бар, бул акча мугалимдин чонтогуно тушпойт. мамлекет акча болуп бербегенден кийин 10 000 сом айлык алган мугалимдер оз чонтогунон алып бериш керекпи силердин балдарынарга эмне? Же мугалимдердин бала-чакасы жокпу эмне, баардык акчасын силердин балдарынарга сарптай турган? Бир баланарга ушунчалык суйлоносунор, байкуш мугалимдер 40-50 дон окуучу окутушат азыр. Ушулбу силердин ыраазычылыгынар?
0
Saida86
2018-09-20 11:47:31
Мен озум мугалим эмесмин, бирок балдарым мектепте окуйт, чогултмайларды берем, анткени тушуном, что мамлекет камсыздабайт. Байкуш мугалимдер мел, кагаз, тряпка сыяктуу нермелерин да озу сатып алыш керек класска, конечно ата-энелерден жардам сурайт, озунун чонтогунон сатып алмак беле. Чыдасанар окуткула балдарынарды, чыдабасанар анда уйдо озунор окутуп алгыла
-1
Saida86
2018-09-20 11:50:49
Мугалимдмн жол киресине 1800 сом деген бул конечно жалган соз, азыр мугалимдер 1800 сом эмес, ашыкча 10 сом сурагандан коркушат, анткени ушул сыяктуу ата-энелер дароо эле шыбап киришет. Силерге бут нерсе бекер болсо э, мугалимди эмес, мамлекетти куноологуло. А мугалимдерге таазим кылыш керек, ушул айлыкка иштеп, биздин балдарыбызга билим берип келатат
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан