Голливуд жылдызы Женнифер Лопес кичинекей кыргыз кыздардын бийин жактырып, социалдык тармактагы баракчасына бөлүштү

Көркөм гимнастика менен машыккан кичинекей бир туугандар Эдель Касенова менен Эрика Касенованын бийи Голливуд жылдызы Женнифер Лопестин көңүлүн бурду. Тактап айтканда, ырчы ушул жылдын башында сынак жарыялаган. Анда Лопестин ырларынын бирин ырдап же ага бийлеп видеого түшүрүп, аны баракчасына жайгаштыруусу шарт эле. Сынакка жалпысынан дүйнөнүн ар бурчунан миңдеген адам катышкан. Ырчы алардын арасынан 10 катышуучунун видеосун Инстаграмдагы жеке баракчасынын Stories функциясына жүктөгөн. Алардын арасында кыргыз кыздары Эдель жана Эрика Касенованын видеосу да бар.

Айта кетсек, кичинекей бир туугандар учурда үй-бүлөсү менен АКШда жашашат. Алар Женнифер Лопестин "Ain't Your Mama" ырына бийлешкен. Кыздардын эжеси Алина Касенованын социалдык тармакка жазып чыкканына таянсак, ырчынын менеджери алар менен байланышып, Лопес кичинекей бир туугандарга белек камдап койгонун билдирген.

Эске салсак, буга чейин Эдель Касенова Американын Лас-Вегас шаарында болуп өткөн эл аралык турнирде көркөм гимнастика боюнча 4 медалга ээ болгон.


кошулду
Эрика жана Эдель Касеновалар
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aidinaernur
2018-09-18 20:24:29
Молодцы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан