Депутат Акылбек Жамангулов: "Туризм менен инвестиция тартуу боюнча министрлик же мамлекеттик кызмат түзүш керек"

Өкмөттүн өз түзүмүн өзгөртүү боюнча сунуштарын Жогорку Кеңешке тааныштыруу мөөнөтү 1 жарым айга жылдырылды. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин бул суранычын депутаттар колдоого алышты. Буга чейин бири-бирин кайталаган мамлекеттик мекемелер көп экени, бюджет мунун айынан натыйжасыз сарпталып жаткандыгы жана маанилүү делген органдардын жоктугу айтылып келген. Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Өкмөттүн түзүмүндө кайсы министрлик, кызмат, агенттиктер ашыкча? Өкмөттүн түзүмүн оптималдаштыруу керекпи?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жамангулов жооп берди.

Ал алдыда бир нече өкмөт мүчөлөрү алмаша турганын айтты.

“Мына бүгүн 3 министр алмашты. Жакынкы убактарда дагы башка министрлер, өкмөт мүчөлөрү алмашат деген кептер бар. Бирок аларды алмаштырганга чейин өкмөттүн түзүмүн өзгөртүп алышыбыз керек эле. Улуттук энергетикалык холдингди жоюп, Энергетика министрлигин кайра түзүү зарыл. Улуттук энергетикалык холдинг ишенимди актаган жок. Бизде туризм тармагы өнүгүп жатат. Туризм менен өнөр жай ар дайым көз жаздымда калып, ар тармакка кошулуп жүрөт. Аларды министрлик кыла албасак да мамлекеттик кызмат деңгээлине чыгарсак туура болот.

Бүгүн эле парламенттин комитет жыйынында депутат Алмамбет Шыкмаматовтарабынан Мамлекеттик каттоо кызматын комитет же министрлик даражасына көтөрүү боюнча сунуш айтылды. Инвестиция тартуу тармагын министрлик деңгээлине чейин көтөрүү керек эле. Буга өтө муктажбыз. Биздин өлкө туризм жана инвестиция тармагына басым жасашыбыз зарыл. Албетте, өкмөттүн түзүмү ушундай болсо туура болмок”, - деди Жамангулов.

Жогорку Кеңештин депутаттары Исхак Масалиев, Айнуру Алтыбаева, Кенжебек Бокоев жана эксперт Расул Умбеталиевдин пикири бул шилтемеде.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан