Америкалык актёр Алек Болдуин карындашы Хэйли Болдуин менен Жастин Бибердин үйлөнгөнүн тастыктады

Америкалык актёр Алек Болдуин бир тууган инисинин кызы, белгилүү модель Хэйли Болдуин канадалык ырчы Жастин Биберге турмушка чыкканын тастыктады. Бул тууралуу ал "Эмми" сыйлык тапшыруу аземинде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айткан.

"Ооба, алар эч кимге айтпай эле үйлөнүп алышыптыр. Андан башка маалыматым жок" деген актёр.

Ошондой эле буга чейин Бибер менен болгону бир гана жолу жолугушканын билдирген.

"Мен Хэйли менен көп деле сүйлөшпөйм, мага караганда жубайым бат-баттан кабарлашып турат. Ал эми ага кеңеш үйрөтүп, акыл айта турган адам мен эмесмин. Ал үчүн өзүнүн атасы (Ред. Стивен Болдуин, актёр) бар", - деген ал.

Эске салсак, ушул жылдын июль айында Жастин Бибер модель Хэйли Болдуиндин колун сураган. Ал эми 13-сентябрда чет элдик басылмалар түгөйлөрдүн мыйзамдуу түрдө никеге турганын жазып чыгышкан. Бирок бул маалыматты эч ким тастыктаган эмес. Учурда жаштардын заманбап үлпөт тою ушул жылдын аягына пландалганы айтылып келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
gulzat85
2018-09-19 09:00:34
Мен селена экоонун тоюн кутуп журсо
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан