Белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 10 томдук жыйнагы жарык көрөт

Белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесин белгилөөнүн алкагында чыгармаларынын 10 томдук жыйнагы чыгат. Бул тууралуу “Улуу тоолор” басмаканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, китеп Кыргыз өкмөтүнүн тапшырмасы менен орус жана кыргыз тилдеринде миң нускада чыгат. Аталган томдуктар өлкөдөгү китепканалардын фондун толуктоо үчүн таратылат.

"Бул жыйнакка улуу жазуучунун чыгармалары, маектери, макалалары, биргелешип иштеген эмгектери, айтылган кептери камтылган. Миң нускадан сырткары басмакана алдын ала жазылуулардын негизинде жыйнакты кошумча басып чыгарат", - деп билдиришти басмаканадан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
muni.98-98
2018-09-19 19:02:48
Сатууга чыкпайт бекен ошондо.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан