Ат-Башы районунда айылдык кеңештин төрагасы 15 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, кармалган 50 жаштагы адам аймактык энергокомпаниянын кызматкерине анын абоненттерден акча талап кылгандыгы боюнча фактылары бар экенин айткан. Ал коррупциялык иштер тууралуу тийиштүү мекемелерге даттанарын айтып 20 000 сом пара талап кылган.
Бул факт боюнча Нарын облустук прокуратурасы тарабынан "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "опузалап пара талап кылуу" беренеси менен кылмыш иши козголду. Кармалган адам Нарын шаарынын Тергөө камак жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.