Депутат "сизди кызматтан кетип жатканда "кабинетиндеги телевизорун уурдап кармалган" дешет" деп өкмөттүн энергетика боюнча комитетинин төрагалыгына талапкерге кайрылды

Депутат Рыскелди Момбеков Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматына талапкер Эмил Осмонбетовго кайрылып, ал тууралуу айтылган "телевизор уурдады" деген маалыматка кызыкты. Бүгүн, 19-сентябрда парламентте өкмөт өкүлдөрүнүн талапкерлиги каралып жатат.

"Сизди көптөгөн коррупциялык схемаларга тиешеси бар экени айтылат. Мына менде маалыматтар турат. Сизди кызматынан кетип баратып кабинетиндеги телевизорун уурдап баратып кармалган дешет. Ушул нерселерге жооп берип койсоңуз, бул иштериңиз далилденсе кызматтан кетүүгө даярсызбы?" - деди Момбеков.

Эмил Осмонбетов өзүнө айтылган сындарга жооп берди.

"Айтылган ал нерселер кара пиар, мен кызматтан кеткенде баарын тизме менен тапшырып бергем. Кылмыш иши боюнча менин күнөөсүз экеним аныкталган. Айтылган нерселерге тиешем бар экени аныкталган болсо, кызматтан кетүүгө даярмын", - деди Осмонбетов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
mirlanpiter
2018-09-19 19:01:45
Оппо кетип баратып да жөн кетишпейт ХХХХХХХХХХ
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан