"Супер хитке" Арсендин "Арнадым сага" чыгармасы кошулду. "Чыгарманы досторум Бегайым экөөбүздүн үйлөнүү тоюбузга белек кылышкан" дейт ырчы

SUPER.KG порталынын "Медиа-портал" бөлүмүндөгү "Супер хит" долбоору кыргыз эстрада ырчыларынын видеоклиптерин колдонуучулардын сынына коёт. Сынактын шарты боюнча колдонуучулардын добушу аркылуу 10 клип электен өтүп, ар жуманын жеңүүчүсү аныкталат.

Аптанын шаршемби күнү добуш берүү токтотулуп, кайсы видеокомпозиция канчанчы орунда экендиги жарыяланат. Эң аз добуш алган клип "Супер хиттен" четтетилип, анын ордун жаңы ыр толуктайт.

Бул аптада эң аз добушка ээ болгон чыгарманын ордун ырчы Арсендин "Арнадым сага" чыгармасы толуктады.

"Бул чыгарманы, клипти чыгармачылыктагы досторум үлпөт тоюма белек кылышкан. Тагыраагы, сөзүн, обонун рэп аткаруучу Бегиш жазып берген. Ал эми клипти Мирлан Саткымбаев тарткан. Клип өтө кыска убакыт аралыгында тартылган. Анткени үлпөт тойдо көрсөтөлү дегенбиз. Тойдон кийин бул чыгармамды коомго жайылтпайм дегем. Бирок менеджерим Миргүл Эсеналиева чыгарма деген бир ырдалып эле калып калбашы, эл угуп, баалашы керектигин айтты", - дейт ырчы.

12-СЕНТЯБРДАН 19-СЕНТЯБРГА ЧЕЙИНКИ ДОБУШ БЕРҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫНА КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ

10-орун - Съездбек Искеналиевдин "Кызгалдак" клиби эң аз добушка ээ болгондуктан сынактан четтетилди.

9-орун - Жоодарбешимдин "Унутам" видеокомпозициясына буюрган.

8-орунду - Расул Маматкуловдун "Көрүшкөнчө" аталышындагы клиби ээлеген.

7-орунда - 60`К тобу, Айя Садырованын аткаруусундагы "Келчи, гүлүм" чыгармасына жайгашкан.

6-орун - Айдин Шердин "Толкундайм" клибине буюрган.

5-орунда - Мээрим Карыпова менен Таалай Иманкуловдун "Айтсаң боло" чыгармасы камсыздаган.

4-орунда - Кайрат Примбердиев менен Бегиштин аткаруусундагы "Барам кечинде" чыгармасы жайгашкан.

3-орун - Айдана Деканын "Жигитке" видеокомпозициясы алдыңкы үчтүктөн орун алган.

2-орунду - Жийдеш Идирисованын "Наринай" видеокомпозициясы ээлеген.

1-орун - Мурунку аптада жаңыдан тизмеге кошулган Ильяз Абдыразаковдун "Ай, жеңеке" клиби эң көп добушка ээ болуп, бул аптанын жеңүүчүсү аталды.

Сүйүктүү видеоклибиңизге добуш берүү үчүн шилтеме.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан