ЭЛДИК КАБАР: "Москвадагы жаш дизайнерлердин эл аралык сынагында кыргыз жигити баш байгени жеңип алды" дейт окурман

"Соңку кабар" бөлүмүнүн "ЭЛДИК КАБАР" рубрикасына окурман "Орусияда өткөн жаш дизайнерлердин сынагында кыргыз жигити баш байгени жеңип алды" деген билдирүүсүн жөнөткөн.

"Орусиянын Москва шаарында эл аралык "Экзерсис" жаш дизайнерлердин сынагына Кыргыз өлкөсүнөн Залкарбек Аскарали уулу жана Сайкал Акимова катышты. Алар бул сынакта байгелүү орундарга ээ болушту. Тактап айтканда, Залкарбек Аскарали уулу улуттук колориттеги жаштардын кийимдерин көрсөтүп баш байге жана акчалай байгеге ээ болсо, Сайкал Акимова 3-орунду камсыздап, диплом менен сыйланды", - дейт ал.

40-ирет уюштурулган "Экзерсис" эл аралык жаш дизайнерлердин сынагы 18-сентябрда Москва шаарында өткөн.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
RusMos76
2018-09-19 13:26:34
Куттуктайбыз молодец! Грин При
+2
ikitaidesu
2018-09-19 13:55:24
Садаголоюндар, ушундай жакшы жаңылык деле айткылачы...
Байге ак жолтой болсун! Дагы ийгиликтерди алып келсин!!!
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан