ЖЫЛНААМА, 19-СЕНТЯБРЬ: 15 жолу клуб алмаштырып Кыргыз өлкөсүнө токтогон, футбол боюнча Кыргыз курамасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин 40 жашка толду

Бүгүн, 19-сентябрда футбол боюнча Кыргыз курамасынын машыктыруучусу, орусиялык футболчу Александр Крестинин 40 жашка толду. Ал 1978-жылы 19-сентябрда Орусиянын Краснодар шаарында төрөлгөн. Орусияда бир нече клубда коргоочу катары ойноп, 2014-жылдан тарта Кыргыз курамасынын башкы машыктыруучусу болуп келет.

Карьерасы

Футбол менен 7 жашынан тарта машыга баштап, дароо эле машыктыруучулардын көзүнө илине алган. 1995-1996-жылдары краснодарлык "Колосто" ойноп, кийин "Ростсельмашадда", 1998-жылдан баштап "Нефтяник Кубани" командасында Тчуйсе жана Коанье менен бирге ойногон.

1999-жылы "Кубань" клубунун курамында 23 беттеш өткөрүп, атаандашынын дарбазасына 2 жолу гол киргизген.

2000-жылы "Краснознаменск" клубунун намысын 36 оюнда коргоп, 3 жолу Орусиянын Кубогуна ат салышкан.

2001-жылы оренбургдук "Газовиктин" курамын толуктап, 20 оюнда 1 гол киргизген.

2002-жылы казакстандык "Каспий" командасына кошулуп, 2003-жылы Орусиянын Тамбов шаардык "Спартак" командасына кирип 18 беттеш өткөргөндөн кийин "Реутов" футболдук клубуна өткөн.

2004-жылы "Дон" клубунун катарын толуктап, 9 беттеш өткөргөндөн кийин казакстандык "Яссы-Сайрамга" кошулуп, Казакстандын Жогорку Лигасында 8 оюнга катышкан.

2005-жылы орусиялык "Нара-Десна" клубунда ойноп 7 оюндан кийин Шёлково шаарынын "Спартак" командасына өтүп 2006-жылга чейин 39 беттеш өткөргөн.

2007-жылы орусиялык "Сменанын" намысын 26 беттеште коргоп, атаандашынын дарбазасына 1 жолу гол киргизген. Орусиянын Кубогу үчүн 4 жолу ойногон.

2008-жылы Красноярсктын "Металлург" командасы үчүн 26 оюнга катышкан.

Футбол боюнча Орусиянын өспүрүмдөр курамасынын тизмесинде да оюн көрсөткөн.

Кыргыз өлкөсүндө

2010-жылы Кыргыз жергесине келип, кочкор-аталык "Нефтчи" командасынын башкы машыктыруучусу болуп дайындалып, команда биринчи ирет Өлкө чемпиондугунда жеңишти камсыздаган.

2014-жылдан тарта футбол боюнча Кыргыз курама командасынын башкы машыктыруучусу, 2017-жылдын 2-июнунан баштап Бишкек шаарынын "Дордой" футболдук клубунун машыктыруучусу болуп эмгектенүүдө.

Жетишкендиктери

2010-жылы - "Нефтчи" (Кочкор-Ата) командасы менен Кыргыз өлкөсүнүн чемпиону.

2014-жылдан тарта Кыргыз курама командасынын башкы машыктыруучусу.

2016-жылы Кыргыз футболун алга сүрөгөн Александр Крестининдин улуттук кураманын башына келгенине 2 жыл болгондо Кыргыз курамасы ФИФАнын рейтингинде рекорд жаратып, 200дөн ашык мамлекеттин арасынан 99-орунга илинген. Бул көрсөткүч менен Латвия, Эстония, Армения, Финляндия жана башка командаларды артка калтырган. Рейтингде ордун бекемдөөгө "Ак шумкардын" Иордания, Тажикстан, Казакстан сыяктуу командаларды жеңип алганы себеп болгон.

2018-жылы футбол боюнча Кыргыз курама командасы ФИФАнын жаңыланган рейтингинде Кыргыз тарыхындагы эң жогорку көрсөткүчкө жетип, 75-орунду ээледи.

Мындай көрсөткүч менен Кыргыз курамасы 40 тепкичке өйдө көтөрүлүп, апрель айынын эң мыкты командасы аталды.


2018-жылы Азия өлкөлөрүнүн арасында Кыргыз курамасы 7-орунду ээлеп, Бириккен Араб Эмираттары, Сирия жана Ливан курама командаларынан ашып өттү.

Жеке жашоосу

Үй-бүлөлүү, Елена Крестинина аттуу жубайы жана 2 уул, 1 кызы бар.

Кенже уулу Семён август айында 1 жашка толду.

19-сентябрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан