Чыныгы жигиттер тууралуу тартылган "Көк бөрү" тасмасынын бет ачары болуп өттү

19-сентябрда белгилүү режиссёр Руслан Акун продюсер Нурбек Айбашов менен биргеликте тарткан "Көк бөрү" тасмасынын бет ачары болуп өттү.

Тасманын сценарийинде каармандар арасындагы окуялар барган сайын чиеленип, өрчүп отуруп, кульминациясы эң соңунда орун алган. Диалогдор учурдун актуалдуу темаларын камтыган. Мисалга алсак, "Азыркы күндө канчалык элдин акчасын уурдап, тоносоң, ошончолук сыйга ээ болосуң" деген сыяктуу сүйлөмдөр.

Фильмде башкы каармандардын ролун казак актёру Асылхан Төлепов, Гүлназ Жоланова, "тамашоучу" Эмил Эсеналиев аткарган. Эсеналиевдин айтымында, көк бөрү оюнунда атка сүйрөлгөн жерин каскадёрсуз өзү аткарган.

Тасма көрсөтүлүп бүткөн соң көрүүчүлөрдүн арасынан экс-президент Роза Отунбаева чыгып сүйлөдү. Ал өз сөзүндө "Фильмди көрүп отуруп, көк бөрү тууралуу дагы да тереңдетилген маалымат ала алдым" деди.

Ал эми тасманын режиссёру Руслан Акун буларга токтолду:

"Алгач атайын изилдөө тобун түзгөнбүз. Алар көк бөрүчүлөр менен чогуу жүрүп изилдөө жүргүзүштү. Андан соң гана алардын маалыматтарына таянып, сценарийди 8 айда жазып бүттүм".

Эске салсак, Руслан Акун "Салам, Нью-Йорк", "Апамды издеп" тасмаларынын режиссёру катары белгилүү.

"Көк бөрү" тасмасында роль жараткан Эмил Эсеналиев: "Атка сүйрөлгөн жерди каскадёрсуз ойнодум"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ekonomist.
2018-09-20 09:50:59
Мыкты режиссордун мыкты киносун дароо көрүү керек
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан