Мамлекеттик тилдин "Эне тил жана Айтматов" деп аталган үч айлыгы жарыяланды

Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия "Эне тил жана Айтматов" деген аталышта мамлекеттик тилдин үч айлыгын жарыялады. Бул тууралуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия маалымат таратты.
Маалыматка ылайык, азыркы күнгө "Кыргызтесттен" жалпысынан 15 миңден ашуун мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер өткөн.
"Тестти баштоо алдында А1, А2, В1, В2 жана С1 категориялары сунушталат. Акыркы көрсөтүлгөн категориялар ортодон жогорку жана жогорку деңгээл болуп эсептелет. Мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо "Лексика жана грамматика", "Жазуу", "Угуу", "Окуу", "Сүйлөө" субтесттер боюнча өтөт. Биринчи көрсөтүлгөн 3 субтест боюнча жыйынтык дароо чыгат. Ал эми калган "Окуу" жана "Сүйлөө" боюнча аткарылган тапшырмалар интернет байланыш аркылуу жөнөтүлөт. Эксперттик комиссиянын кароосунан өткөн соң толук жыйынтык эки жума аралыгында "Кыргызтесттин" сайтына жайгаштырылат", - деп жазылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан