Жогорку Кеңеште президентти ташыган учакты тез арада алмаштыруу керектиги айтылды

Депутат өлкө башчысы учкан учакты тез арада алмаштырууну сунуштады. Бул тууралуу бүгүн, 20-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Абтандил Кулбараков айтып чыкты.

Депутаттын айтымында, өлкө жетекчилерин расмий сапарларды алып жүрүүчү учак эскирген, тезирээк алмаштыруу керек.

"Биздин өлкө башчысын, өкмөт башчысын жана расмий делегацияны ташыган учак 1993-жылы чыгарылган ТУ-154 учагы экен. 25 жыл болуптур, бул бир топ убакыт. Кайсы бир жылы ушундай эле учак Кара деңизде кырсыкка учураптыр. Президент керектүү учурда эл менен чогуу учуп жүрөт. Бирок расмий сапарларда антип уча албайт. Ошондуктан бул маселеге кайдыгер карабай өкмөт тезирээк карап чыкса жакшы болмок", - деди Кулбараков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан