Кыргыз курама командасы жаштар арасындагы футзал боюнча Азия чемпиондугунун тандап алуу этабына катышат

Футзал боюнча жаштар арасындагы (U-20) Кыргыз курама командасы Азия чемпиондугунун тандап алуу этабына катышат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын футбол федерациясы билдирет.

20 жашка чейинки жаштар арасында Азия чемпиондугуна жалпы эсепте 18 команда катышат. Алар Борбор, Чыгыш жана Батыш аймактарына бөлүнүп, анда 2 тайпада күч сынашат.

Кыргыз курама командасы борбордук аймакта Иран, Өзбекстан, Тажикстан, Ооганстан жана Түркмөнстан курама командалары менен кез келди. Чүчү кулактын жыйынтыгында Кыргыз курамасы "В" тайпасына кирип Өзбекстан жана Тажикстан курамалары менен беттешмей болду.

Азия чемпиондугунун тандап алуу этабы 1-4-декабрь аралыгында Өзбекстандын Ташкент шаарында өтөт. Мелдештин жыйынтыгында кийинки этапка борбордук аймактан 3 команда өтөт. 1-орунду ээлеген 2 команда дароо жолдомого ээ болушса, 2-орунду ээлеген командалар плей-оффто 3-жолдомо үчүн күч сынашат.

Кыргыз курама командасы алгачкы беттешин 1-декабрда Өзбекстанга каршы өткөрүп, 2-декабрда Тажикстанга каршы ойнойт.

Оюндардын жүгүртмөсү:

1-декабрь:

Өзбекстан - Кыргыз өлкөсү;

2-декабрь:

Кыргыз өлкөсү - Тажикстан;

3-декабрь:

Өзбекстан - Тажикстан;

4-декабрь:

"А" тайпасында 2-орунду ээлеген команда - "В" тайпасында 2-орунду ээлеген команда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Lintel
2018-09-20 15:56:09
кылдын учунда экенго жигиттер ийгилик плей офтон корушкончо
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан