"Карек" балдар жана өспүрүмдөр кинофестивалына эмгектерди кабыл алуу башталды

Үчүнчү жолу өтө турган "Карек" балдар жана өспүрүмдөр кинофестивалына эмгектерди кабыл алуу башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, фестивалга катышууну каалаган жаш таланттар "Бул менин дүйнөм", "Мен жана жаратылыш" темаларына тасма тартып, karekfest@gmail.com электрондук почтасына жиберүү керек.

"Бул сынакка 7 жаштан 17 жашка чейинки балдар катыша алат. Сынактын шарты боюнча катышуучулар узактыгы 10 мүнөттөн кем эмес комедия, драма, мелодрама, фантастика жанрындагы кыска метраждуу тасмаларды даярдоосу зарыл. Тасманы атайын камерага же болбосо уюлдук телефонго тартса болот", - деп билдирди маалымат кызматы.

Уюштуруучулардын айтымында, мындай фестивалдар балдардын киноискусствого болгон кызыгуусун арттырып, тажрыйба топтоого жана алдыга умтулууга өбөлгө болот. Кинофестивалдын жеңүүчүлөрү Кыргыз өлкөсүнүн атынан ар кандай эл аралык сынактарга катышуу мүмкүнчүлүгүн алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан