Бүгүн, 21-сентябрда Словакияда өткөн грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпиондугунун чемпиону Эрбол Бакиров жана коло медалдын ээси Акжол Махмудов мекенибизге кайтып келди. Аларды "Манас" эл аралык аэропортунда туугандары, достору жана башкалар тосуп алды.
Акжол Махмудов SUPER.KG порталына Дүйнө чемпиондугунун чейрек финалында жеңилүү ызасын тартып калгандыгынын себебин айтып берди.
- Акжол, мелдештен кийинки сезимдериң тууралуу айтып берсең?
- Мен өз максатыма жете албай калдым. Алтын медалды жана чемпиондук курду тагынып келем деген чоң ниет менен баргам. Тилекке каршы, бүгүн коло медаль менен келдим. Бирок, Кудайга шүгүр, нааразычылыгым жок. Жакшы күндөр алдыда деп ойлойм. Өзүмдүн каталарымды көрдүм, эми машыгып алардын үстүнөн иштегенге аракет кылам.
- Чейрек финалдык беттеште жеңилүү ызасын тартып калууңа эмне себеп болду?
- Спортто бир эле ката болот. Ким көбүрөөк эмгек кылса, ошол адам жеңишке жетет. Мында менин кылган эмгегим бир аз жетишпей калды деп ойлойм.
- Орусиялык балбан күчтүүрөөк болуп калдыбы?
- Жок, ал менден бир нерсеси менен деле өзгөчөлөнгөн жок. Экөөбүздүн упайларыбыз 1ден болуп, эсеп тең болуп калды.
- Анда калыстардын чечими туура болбой, сага тоскоолдук жаратып койгон жокпу?
- Азыркы учурда күрөштүн эрежелери ушундай болуп калган. Калыстар менен бир аз түшүнбөстүктөр болду, бирок ачыгын айтканда мен чындап беттеште жеңилип калдым. Анын үстүнө Жайкы Азия оюндарынан кийин калыбыма жакшы келе элек болчумун. Ошол эле учурда калган беттештерде өзүм ойлогондой жыйынтык көрсөттүм.
- АКШлык балбан тууралуу айтып кетсең, беттештен соң аны менен сүйлөшүп, кабарлаштыңбы?
- Спорт адамдарды бириктирет. Спортто өч алуу, көрө албастык деген жок. Бул Дүйнө чемпиондугуна мен америкалык балбандан өч алам деп барган эмесмин. Чемпиондук кур тагынып келем деп үмүттөнгөм. Камал Бей экөөбүз буга чейин деле сүйлөшүп жүргөнбүз, беттеш бүткөн соң дагы сүйлөштүк.