Чемпион Эрбол Бакировдун атасы: "Үй-бүлөбүз менен спортко жакынбыз. Бош болсок эле залга барып машыгабыз"

Бүгүн, 21-сентябрда Словакияда өткөн грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпиондугунда жеңишке жеткен балбандар мекенибизге кайтып келди. Дүйнө чемпиондугунда алтын медалды тагынган Эрбол Бакиров жана коло медалды уткан Акжол Махмудовду "Манас" эл аралык аэропортунда жакын туугандары, достору жана күйөрмандары тосуп алышты. Тосуп алгандардын арасында Жогорку Кеңештин депутаты, Эрбол Бакировдун атасы Максатбек Эгембердиев дагы болду.

Максатбек Эгембердиев SUPER.KG порталына өзү да спортчу экенин, уулунун беттештерин түз эфирде көргөнүн айтып берди.

"Мен өзүм спортчумун, СССРдин спорт чебери жана Кыргыз өлкөсүнүн эмгек сиңирген машыктыруучусу болом. Бул сезимдерди, сен өстүргөн спортчу жеңишке жеткенде машыктыруучунун жана ата-эненин абалы кандай болорун жакшы билем. Ошондуктан баламдын беттештерин көрүп жатканда кандай кемчиликтер, катачылыктар болот жана кайсы багытта иштеши керек деп анализдеп карап отурдум.

"Негизи балам үчүн гана эмес, бардык кыргыздан чыккан спортчулар үчүн күйөрмандык кылам. Күйөрман мекендешин карап отурганда абдан толкунданат. Ал "Кыргыздын жигиттери утса, кыргыздын желеги көтөрүлсө, кыргыздын гимни ойнолсо, кыргыз спортчулары дүйнөнү багындырса экен" деп тиленет.

"Эрбол 3-класстан бери машыгып келет, негизи биз үй-бүлөбүз менен спортко жакынбыз. Колубуз бош маалда залга барып машыгууларды өткөрөбүз, балдарымды ойнотуп аларга акыл-насаатымды айтып турам. Машыгуу залдарынын жакшы жактары көп. Машыгуулар адамды кадимкидей тартипке салат, сабырдуулукка чакырат", - дейт Эгембердиев.

Айта кетсек, грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугу Словакиянын Транава шаарында 17-19-сентябрь аралыгында өтүп, Кыргыз өлкөсүнөн 6 балбан катышкан. Жыйынтыгында Эрбол Бакиров жаштар арасындагы Дүйнө чемпиону болду. Ал эми Акжол Махмудов күрөш боюнча жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугунун коло медалынын ээси болду.

Дүйнө чемпиондугунда ийгилик жараткан спортчулар мекенибизге кайтып келди
Дүйнө чемпиондугунда медаль тагынган балбандар Словакиядан кайтып келишти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Umakg
2018-09-21 16:22:44
Кыргызстаным деп аракет кыла бергиле дайм.....
+1
iliya
2018-09-21 23:17:42
Молодцы Тайгараевцы в перед Амантур Исмаилов и Эрбол Бакиров оба из одного города мы с вами гордимся.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан