Тажикстандын Хатлон облусунда укук коргоо органдары 3 жаштагы баланын өлүмүн иликтешүүдө. Баланын жансыз денеси Абдурахмон Жоми районунда арыктын жээгинде 18-сентябрь күнү табылган. Бул тууралуу Тажикстандын Ички иштер министрлигине таянып жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, окуя болгон жерде жүргүзүлгөн иликтөөлөрдүн натыйжасында 3 жашар баланы өлтүргөн деген шек менен анын 58 жаштагы Ходжара Ашурова аттуу чоң апасы кармалган.
"12-сентябрь күнү 58 жаштагы чоң эне небересин күч колдонуу менен тирүүлөй көмүп салгандыгы аныкталган. Кылмышка шектүү күнөөсүн моюнуна алып, небересин ур-токмокко алып андан соң тирүүлөй көмүп салганын көргөзүп жана айтып берди" деп жазылат маалыматта.
Ал эми Ифтихор айылынын башчысы Мусо Зохиров болгон окуяга дале ишенбей турганын билдирген.
"Мен тергөө амалдарынын жүрүшүнө катыштым. Ашурова өзүнүн небересин кантип тирүүлөй көмүп салганын көргөзүп берди. Ал баланы көмөр алдында аны катуу сабаган экен. Жолбун иттер баланын колун үзүп, ичин жарып кетиптир", - деген айыл башчы.
Ашурова эмне себептен мындай кадамга баргандыгы азырынча белгисиз.