Кара-Сууда жүгөрү талаасында жашынып жатканы айтылган кылмышкерди издөө иштери улантылууда. Анын унаасын тинтүү учурунда ак түстөгү белгисиз зат табылды. Бул тууралуу бүгүн, 21-сентябрда Ош облустук ички иштер башкармалыгынан SUPER.KG порталына билдиришти.
Учурда кылмышкерди колго түшүрүү аракеттери кызуу жүрүүдө. Унаалардын баары текшерүүгө алынып, ошондой эле жакынкы айылдар да текшерилүүдө.
"Кечээ кылмышкер милиция кызматкерлеринен качканда Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаасы менен аэропорт тарапка кеткен. Кийин анын унаасы жолдогу жүгөрү талаасынан табылган, ал жанындагы шериги менен жол таппай калганда, унаасын калтырып изин жашырып кеткен. Унаанын ичин тинтүү учурунда 8 полиэтилен баштыкка оролгон, жалпы салмагы 125 граммды түзгөн белгисиз зат табылган.Учурда ал тиешелүү экспертизага жөнөтүлдү", - деп билдиришти облустук башкармалыктан.
Эске салсак, 20-сентябрда саат 14:00 чамасында милицияга "издөөдө жүргөн Жылдызбек Бекмурзаевди Кара-Суудагы кафелердин биринен көрдүк" деген билдирүү түшкөн. Аталган аймакка милиция кызматкерлери барганда издөөдө жүргөн кылмышкер автоматтан ок чыгарам деп коркутуп изин суутуп кеткен. Кылмышкер жашынган жүгөрү тааласы толугу менен текшерилип, талаанын үстүнөн да дрон менен текшерилген болчу.
Жылдызбек Бекмурзаев өткөн жылы чек араны мыйзамсыз кесип өттү делип Казакстандын аймагынан кармалган. Чек арадан мыйзамсыз өткөндүгү үчүн сот Жылдызбек Бекмурзаевди 6 айга эркинен ажыраткан, бирок ал камактан качып кеткен. Казакстандын укук коргоо органдары ага издөө жарыялаган.