Юрист Канат Хасанов: “Элдин 50 пайыздан көбү сотко ишенет”

Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаева кызмат мөөнөтү аяктап жатканына байланыштуу кечээ, 20-сентябрда маалымат жыйын берди. Анда Жогорку Сот менен эл аралык уюмдар жүргүзгөн сурамжылоого ылайык, 1044 жарандын 73 пайызы "сотторго ишенебиз" деп жооп бергенин айтты. Токбаеванын билдиришинче, бул пилоттук негизде Бишкек шаарын гана камтыган сурамжылоо. Ал бул көрсөткүч жалпы элдин сотторго болгон көз карашы эместигин белгилеп өттү.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Жогорку Соттун төрайымы элдин 73 пайызы сотторго ишенет дейт. Сиз кандай ойдосуз?" деген соболуна юрист Канат Хасанов өз пикирин билдирди.

Хасановдун пикиринде, саясий буюртма менен жасалган иштер сотторго болгон ишенимди жоготууда.

“Менин оюмча, төрайымдын айтканы туура. Мен пайыздык көрсөткүчтү так биле албайм, бирок 50 пайыздан көбүрөөк сотко ишеним бар. Анткени буюртма иштер менен болгон чуулгандуу окуялар, соттордун ишине көз карашты өзгөртүп койбосо, жалпы алганда ишеним бар. Жарандык иштер мыйзамдын негизинде каралып, эл сотко ыраазы эле болуп жатат. Бирок сот ишине нааразы болгон да адамдар бар, жеңилген адамдар нааразы болот. Сотто бир тарап утат, бир тарап утулат. Анан эки ача пикир жаралат.

Саясий иштерде жогору жактагы адамдардын сот ишине киришип кеткени элдеги күмөн саноону жаратат. Жалпы коомдун сотторго ишенимин камсыз кылуу үчүн сот эркиндигин түзүшүбүз керек. Саясий буюртмалар болбосо сот эркиндиги жаралмак. Азыркы төрайымдын ишмердүүлүгү боюнча айтсам, жакшы баа берем. Бул төрайым мурункуларга караганда коррупцияга аралашпай жакшы иштерди жасады, чын дилинен иштеп берди”, - деди Хасанов.

Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркулов, Жогорку Соттун мурдагы төрагасы Курманбек Осмонов, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, юристтер Шарабидин Токтосунов, Нурбек Токтакуновдун пикирилери төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан