Америкалык актриса Марсия Кросс рак илдетин жеңгенин айтты

Америкалык актриса Марсия Кросс рак илдетин жеңди. Батыш маалымат булактарынын жазганына ылайык, актриса онкологиялык оорусу тууралуу социалдык тармактагы жеке баракчасына билдирүү жазган.

"Мен рак илдети менен күрөшүп, ооруну жеңе алдым. Учурда ден соолугум канааттандырарлык. Албетте, оору менен күрөшүү кыйын болду. Чачтарым түшкөнүнө капаланып турам. Бирок амандыгыма кубануу менен өзүмдү бактылуу сезип жатам", - деген актриса.

Марсия Кросс ичке ичегинин рагына кабылган. Ал 8 ай бою дарыланып, жакшы жыйынтыкка жеткен.

Маалымат үчүн: Марсия Энн Кросс 1962-жылы 25-мартта АКШнын Массачусетс штатындагы Мальборо шаарында төрөлгөн. Ал "Район Мелроуз", "Отчаянные домохозяйки", "Куантико" сериалдарындагы ролдору менен белгилүү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан