Сокулукта 10 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылган деп шектелген жарандын иши сотко өттү. Бул тууралуу бүгүн, 21-сентябрда SUPER.KG`ге Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан билдиришти.
Сокулукта 10-июль күнү 10 жаштагы өспүрүм кыз белгисиз адам тарабынан зордукталган. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында 20-июль күнү кылмышка шектүү катары Нарын облусунун 35 жаштагы Т.Б. аттуу тургуну кармалган. Бул боюнча Сокулук РИИБи Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер) менен кылмыш ишин козгогон.
"Окуя боюнча териштирүү иштери аягына чыгып, тергөө амалдары бүттү. Сентябрь айынын башында иш сотко өткөрүлдү", - деп билдиришти облустук башкармалыктан.
Айта кетсек, Сокулукта 10 жаштагы өспүрүм кыз белгисиз адам тарабынан зордукталган. Милициянын маалыматына ылайык, окуя 10-июлда Сокулуктун борбордук базарында саат 14:00дөр чамасында болгон. Шектүүнү аныктоо үчүн жабырлануучу жана анын мыйзамдуу өкүлү катышып, кармалган адам кылмышты моюнуна алган.