Кара-Сууда жүгөрү талаасына жашынганы айтылган автоматчан кылмышкер 4 күндөн бери кармала элек

Кара-Сууда жүгөрү талаасына жашынганы айтылган автоматчан кылмышкер 4 күндөн бери кармала элек. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынан SUPER.KG порталына билдиришти.

"Учурда кылмышкерди издөө жана кармоо иш-чаралары жүрүүдө. Анын изделип жатканына төрт күн болду", - деди маалымат катчы.

Эске салсак, 20-сентябрда саат 14:00 чамасында милицияга "издөөдө жүргөн Жылдызбек Бекмурзаевди Кара-Суудагы кафелердин биринен көрдүк" деген билдирүү түшкөн. Аталган аймакка милиция кызматкерлери барганда издөөдө жүргөн кылмышкер автоматтан ок чыгарам деп коркутуп изин суутуп кеткен.

Жылдызбек Бекмурзаев өткөн жылы чек араны мыйзамсыз кесип өттү делип Казакстандын аймагынан кармалган. Чек арадан мыйзамсыз өткөндүгү үчүн сот Бекмурзаевди 6 айга эркинен ажыраткан, бирок ал камактан качып кеткен. Казакстандын укук коргоо органдары ага издөө жарыялаган.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
Asyl.jazi
2018-09-24 09:23:25
Дүмбүл жеп жаткандырда бир жеринде
+3
monster_high_98
2018-09-24 09:32:22
Бирок "кылмышкерлердей"деле корунбоду, суротунон... Менимче бул жерде издеп жаткандар убакытты созуп жаткандай,,,
+8
Umakg
2018-09-24 09:46:29
Казакстандан качып чыкан адам кр оной эле качып чыгып кететго
+3
titanik32
2018-09-24 09:59:55
Силер жүгөрүнү кайтарып жүрө бергиле,какараз жүгөрүнү уурдап жатышкан эле элдер.Аа кылмышкер болсо жүрөт да жыргап дагы бир жерде.
+4
Samar90
2018-09-24 10:19:28
Койгула уят айтпагыла еч кимге
+3
Jikacha
2018-09-24 10:19:32
Кылмышкерге окшобойтго
+3
kechirmeni
2018-09-24 10:31:58
Кор тиргиликтин айынан чек араны кесип отуп ушунча балээге калды байкуш, онуно караганда жакшы эле адамдай корунот, тууган урук тааныштарынан сурап иликтеп коруш керек экен кандай адам деп. Эми кантсе да калыс иш жургузулушу керек. Мойнуна ар нерсени илбей.
+7
titanik32
2018-09-24 10:48:01
Автоматы бар экенин көрбөй туруп эле автоматы бар экен дейсиңер да.Коркконго кош көрүнөт болуп.Автоматы бар адам эмдигиче бирөө жарымды атмак да.Бул да бирөөнүн баласы калп эле курулай жалаа жапкан болбойт го эми.Бирок канчалык күнөөсү бар же күнөө жасады бир өзү анан Аллахым билет.Мүмкүн жүгөрү талаасынын ортосуна үй салып жашап жаткандыр,аны да көрбөй жатсаңар керек.
+6
Benazir08
2018-09-24 11:07:27
Ой ошо жерде эле бир уйдо жашынып жатат да ар бир уйду тинтуу керек озбектердин подвалдары бар дегендей. Эгер точно кылмышкер бсо кетти да бул тааныш адамдары мн.
+2
adi_ko.kg
2018-09-24 11:45:43
эмнеге кармай алышбайт тооба
+1
Shabi
2018-09-24 12:23:36
Откондо эле жугору талаасында милициялар курчоого алды деп жатпады беле.курчоого алып туруп качырып жибердиби
+1
jibew
2018-09-24 19:20:49
4 кундон бери жугоруну оруп жыйнап жиберсенер да чыгат эле бир жеринен
+2
baku24
2018-09-25 01:01:06
жанылыктан да комент окуган сонун да эй.
+3
Merelisha
2018-09-25 03:35:35
baku24,хаха...
0
Romantik.
2018-09-25 10:04:09
Бекер эле кайтарып жата бербей ошол маканы (жүгөрү) оруп жиберсеңер сооп иш кылат элеңер, ищё табат элеңер)))
0
Bayazet
2018-09-25 15:52:16
Оштун гаилери жыргап ататкенда корунгон машинаны текшерип
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан