Бактыгүл Чотурова, журналист: “Артыкбаев таза иштеген инсан, акыры акталат”

Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев Бишкек ЖЭБине байланыштуу козголгон кылмыш ишине шектелип, учурда абакта кармалууда. Бул окуянын тегерегинде журналист Бактыгүл Чотурова өз пикирин билдирди.

- Осмонбек Артыкбаевге “коррупция” беренеси боюнча иш козголуп учурда тергөө жүрүп жатат? Сиздин пикириңизче, бул адамдын коррупцияга тиешеси болушу мүмкүнбү?

- Жаңылыштык болуш керек деп ойлойм. Ал жигитти мен бала чагынан бери билем, бир жерде чоңоюп, бири-бирибизди жакшы билебиз. Артыкбаев өтө жакшы, тарбиялуу үй-бүлөдөн чыккан. Кетмен-Төбө өрөөнүндө Артыкбай калпа деген бүтүндөй элди сыйлаган, касиеттүү атанын небереси. Өзү ушул даражага карандай маңдай тери, мээнети менен жетишкен. Жогорку кызматтарда иштеп жүрсө да эч качан бой көтөргөн эмес, улууну көрсө да, кичүүнү көрсө да ийилип салам берген, адамгерчиликтүү жигит.

- Министр болгонго чейин эле бизнеске аралашып байлык топтогон дешет, бирөөлөр карасанатайлык кылып эле каралап жатат дешкендер бар. Буга кандай ойдосуз?

- Артыкбаев өзү тууралуу китеп чыгарган. Мен ошол китепти окугандан соң ушунчалык мээнеткеч жигит экен деп дагы бир ирет ынангам. Бизнес-чөйрөсүнө ар ким ар кандай жол менен жетсе керек. Осмонбекти билгеним өзүнүн мээнети менен кичинеден бутуна туруп отуруп, таман акы, маңдай тери менен ушул даражага жеткен. Далай кишинин ажатын ачкан, далай кишилерге жардам берген. Канчалаган китептерди чыгарып берип чыгармачыл адамдарга көп колдоо көрсөткөн. Жөнөкөй жетим-жесирге болобу, муктаж болгон адамга болобу өзүнүн колунан келген жардамын көп жасаган киши. Бирөөдөн бир нерсе алганын көргөн жокпуз, бергенин эле көрүп келе жатам. Адамдарга жакшылык кылган киши коррупцияга кызыкпайт. Ошондуктан ал бирөөлөрдүн жаңылыштыгы менен эле күнөөлөнүп жатат го деп ойлойм. Акыры актыгы эл алдында чыгып, айгине болуп өзүнүн адал адам экенин далилдейт деп ишенем.

Бир эле карапайым адамдарга эмес, Токтогул районуна чоң спорттук жайларды, мечиттерди клубдарды курууда көмөктөшкөн. Өзүнүн жеке каражатынан чоң юбилейлерди өткөрүүгө көмөкчү болгон. Кыргыз мамлекетинин коомдук ишмерлеринин бири, бир кездеги өкмөт башчысы Абды Сүйөркуловдун, белгилүү акын Токтогул Сатылгановдун 150 жылдык мааракесин өткөрүүдө чуркап жүрүп, канча жардам көрсөттү. Эл аралык деңгээлге чейин алып чыкты. Өкмөттүк демилгеге дагы салым кошуп, канча каржысын өзү көтөрдү. Муну элдин баары билет. Биздин Кетмен-Төбө району эмес, Кыргыз мамлекети боюнча эл билет го. Тоодой- таштай жакшылыктарды жасап жүргөн адам болбогон нерсе үчүн өзүнүн атын жаманатты кылбайт. Өтө намыстуу, өтө акылдуу, элпек, маданияттуу, тарбиясы бар жигит акыры акталат деп ишенем. Токтогул районунун Үч-Терек айыл өкмөтүнүн Үч-Терек айылында өздүк турак жайын жери менен бала бакча ачууга бекер өткөрүп берген.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан