Абадан коргонуу күчтөрүнүн аскер кызматкери менен катардагы жоокердин ортосунда чатак чыгып, жоокердин жаагы сынды. Бул тууралуу Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, чатак 22-сентябрь күнү №97632 аскер бөлүктүн кызматкери, сержант Б.М. жана катардагы жоокер К.у.К.нын ортосунда чыккан.
"Жабырлануучуга ошол замат "Тез жардам" кызматы аркылуу медициналык жардам көрсөтүлгөн. Учурда ал аскер кызматкерлеринин госпиталында дарыланууда. Бул факт боюнча абадан коргонуу күчтөрү кызматтык иликтөө жүргүзүп, тиешелүү кызматкерлер ээлеген кызматтарынан бошотулду. Ал эми тийиштүү маалыматтар Аскер прокуратурасына жөнөтүлдү", - деди маалымат катчы.