КҮНСОБОЛ: Министрдин орун басары учактагы чыры үчүн кызматтан алынды. Өлкөнүн аброюн түшүргөн аткаминерлерди жумуштан кетирүү менен эле жазалоо жетиштүүбү?

Тектеш кабарлар: КҮНСОБОЛ (404 материал)

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Зууракан Каденова Түштүк Кореянын Сеул шаарындагы аэропортто Сеул-Алматы каттамындагы учакка мас абалда чыгып, чуу чыгарганы айтылган. Анын айынан башка жүргүнчүлөр да учактан чыгарылып, учак эки саат кечигип учууга аргасыз болгонун каттам жүргүзгөн "Эйр Астана" компаниясынан кабарлашкан. Министрдин орун басары эл аралык аба каттамда учактагы чыры үчүн кызматтан алынды.

SUPER.KG порталы "Өлкөнүн аброюн түшүргөн аткаминерлерди жумуштан кетирүү менен эле жазалоо жетиштүүбү?" деген собол салды.

МОМБЕКОВ: "Кыргыз өкмөтүндө иштеген айымдар аракечтикке жол берип, эл аралык аброюбузду төмөндөттү"

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбековдун пикиринде Зууракан Каденованы жөн эле кызматтан бошотпой "ишенимден чыкты" деген негизде жумуштан бошотуу керек.

"Бул айымды убагында билим берүү министринин орун басарлык кызматынан кетиришкен. Эмгек, миграция жана жаштар министринин орун басары болгон. Ал жерден дагы шалаакылыгы боюнча жумуштан кеткен. Билим берүү министрлигинен дагы кызматтагы кетирген кемчилиги үчүн кеткен. Кыргыз өкмөтүнүн ар-намысына, кадыр-баркына шек келтирди. Кыргыз өкмөтүндө иштеген айымдар аракечтикке жол берип, эл аралык аброюбузду төмөндөттү. Кызматтан кетирүү - эң чоң жаза. Мындай адамдар кайра кызматка келип калбашы үчүн мамлекеттик кызматка кайтып келгис кылып кетирүү керек", - деди Момбеков.

ТӨЛӨНОВ: "Саясий чечим менен Каденованы мамлекеттик кызматка жакындатпаш керек"

Жогорку Кеңештин депутаты Данияр Төлөнов Зууракан Каденованы жөн эле кызматтан кетирүү жетиштүү эмес экенин айтты.

"Бардыгыбызга белгилүү болгондой, Кореяда көптөгөн Кыргыз мигранттары, ошол жакта окуп жаткан студенттер бул окуяны интернеттен окуп, намыстанып жатышат. Бул маселени катуу караш керек. Элдик талкууга коюп мамлекеттик кызматка жакындатпаш керек. Өкмөттүн курамы алмашса кайра келип калышы мүмкүн. Министр же министрдин орун басары болуп келсе кечээги кылыгы менен биз башка мамлекеттердин алдында уят болобуз. Жеке оюм, мындай кишилерди саясий чечим менен 10-15-жылга мамлекеттик кызматка жакындатпаш керек", - деди Төлөнов.

ТОКТОРОВ: "Окуяны териштирбей туруп бирөөнү кызматтан кетирген туура эмес"

Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Токторов билдиргендей, Түштүк Кореяда жүргөн министрдин орун басарынын келишин күтпөй, териштирбей туруп кызматтан кетирүү туура эмес.

"Келгенден кийин окуяны бейтарап тактап чечим чыгарыш керек. Эгерде жүрүм-туруму чын эле ошондой болгон болсо, анда кызматтан кетиши зарыл. Окуя кандай болгонун биз так биле элекпиз да. Бир гана мамлекеттик кызматкерлер же аткаминерлер эмес, бардык жаран тийиштүү жерде өзүн маданияттуу алып жүрүшү шарт", - дейт Токторов.

ӨМҮРБЕКОВА: "Учакта чуу салган чиновник айымдын башка кызматка дайындалышы күмөн"

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова социалдык өнүктүрүү министринин мурдагы орун басары Зууракан Каденованы жумуштан алуу мыйзамга ылайык болгонун айтты.

"Мындан тышкары коомчулук тарабынан нааразычылык болду, коомдук уяткаруу механизми иштеди. Бул кишиге өтө жакшы сабак болду. Канча жыл иштеп бир күндө аброюна шек келтирген окуя орун алды. Муну жетиштүү деп ойлойм. Эми кайсы бир мамлекеттик кызматка дайындалгандан мурун жетекчилер ошол окуяны эстешет, ошондуктан анын жаңы кызматка барышы күмөн", - деди Өмүрбекова.

МАДУМАРОВ: “Учакта мас болуп уят болгон жетекчилер жазаланбаганы үчүн ушундай окуялар кайталанууда”

Саясатчы Адахан Мадумаров бийлик жетекчилеринин учакта мас болуп ызы-чуу салышын, эч кандай жоопкерчиликти сезбегендиги катары баалады.

“Бүгүнкү күндө мамлекеттик кызматкерлерде кайсы бир туура эмес кылыгы үчүн өлкөнүн аброюна, өзүмдүн аброюма шек келтирип алам деген түшүнүк таптакыр жок. Азыр бардык аткаминерлер “Бир күндүк өмүрүң болсо түштүгүңө жорго чап” деген түшүнүк менен жашап жатышат. Илгери райондун акимиби, облус жетекчисиби же министр болобу бир аз эле туура эмес сүйлөп койсо бүтүндөй өлкө ызылдай түшчү. Ал эми элге уят болгон адам көчөгө чыга албай калчу. Тилекке каршы, азыр канчалык тескери кыймыл-аракет жасаса коомчулук аны кыйын экен деп калды. Башкача айтканда, жапайы коомчулук, жапайы бийлик системи түзүлдү. Ал эмес, учакта мас болуп дүйнөгө маскарасы чыккан инсаныбыз бүгүнкү күнгө чейин өкмөттүн мүчөсү болуп иштеп жатат. Жазаланбай, боло берет тура дегендин кесепети ушундай окуялардын кайра кайталанышына себепчи болуп жатат. Тескерисинче, мындай адамдар кыйын болуп чыгышууда.

Депутаттар чет өлкөгө барып мас болуп алышып, ар кандай кылыктарды жасап жатышат. Бул деген жапайычылык, эч кандай жоопкерчиликти сезбегендик. Учурда бардык нерсенин баркы кетти. Мурда өлкөнүн жарандары бардык район акимдерин, мамлекеттик кызматкерлерди жатка билип, таанышар эле. Азыр болсо акимдерди жалпы эл эмес, ошол райондун жергиликтүү тургундары да тааныбайт. Бул деген мамлекеттик кызматтын бедели аябагандай түшүп кеткендигин билдирет. Буга мамлекеттик жетекчилердин баскан-турганы, сүйлөгөн сөздөрү, басып өткөн жолдору себепчи болууда. Аларды мыйзам менен жазалай албайсың, өзүнүн абийир соту менен жазалоо керек. Ар бир инсандын абийир соту болушу керек. Бирок ага соттолуш үчүн ал адамдын ички жан дүйнөсү, маданияты бийик болуусу шарт”, - деди Мадумаров.

ЖУМАБАЕВ: "Мамлекеттик кызматтын деңгээлин полдун плинтусуна чейин түшүрүп жиберишти"

Медиа эксперт Авланбек Жумабаевдин айтымында, маселенин төркүнү деңгээли төмөн адамдардын мамлекеттик кызматка келип жатканында.

"Бул маселеге терең карашыбыз керек, маселенин учугу ушуга окшогон кызматкерлердин мамлекеттик кызматка келип жатышында. Мурун мамлекеттик кызматкерлер жөнүндө мыйзамда кызматкерлер эки категорияга бөлүнгөн, мамлекеттик жана саясий кызмат. Кийин көп кызматты саясий кызмат кылып өзгөртүп коюшкан. Саясий кызмат болгондо аларды тандоосуз, кесипкөйлүгүнө карабай эле кызматка ала берсе болот. Тууган-урук, жакындарын кызматка алуу үчүн булар мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамды ушинтип түп тамырынан өзгөртүп, өздөрүнө ылайыктап алышкан. Биз азыр аны жазалайбыз деп эле кыйкыра бергенде болбойт, мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте кадам жасашыбыз керек. Бирок муну жөн калтырбастан мыйзам жол бербесе дагы коом тарабынан буга реакция жасашыбыз керек. Учурда мамлекеттик кызматтын деңгээлин полдун плинтусуна чейин түшүрүп жиберишти. Азыр билбейм, булар дагы кандай адамдарды мамлекеттик кызматка алат", - деди Жумабаев.

Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозова комментарий берүүдөн баш тартты.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан