Чүйдө 4 килограмм баңгизат алып бара жаткан айдоочу кармалды

Чүй облусуна караштуу Кара-Балта шаарында 4 килограмм баңгизатын алып бара жаткан айдоочу кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалымат кызматы бүгүн, 25-сентябрда билдирди.

Маалыматка ылайык, айдоочу өзүнүн ВАЗ-2107 унаасы менен рейд учурунда колго түшкөн.

"Кара-Балта шаарында 23-сентябрь күнү саат 20:30дар чамасында инспекторлор ВАЗ-2107 унаасын текшерүү үчүн токтоткон. Айдоочу жана унаанын ичиндеги жүргүнчү менен сүйлөшө келгенде инспекторлор бир нерсени шекшип унааны тинтүүгө алышкан. Тинтүүнүн жыйынтыгында унаанын ичинен спорттук сумкага салынган 4,5 килограмм баңгизат табылган", - дейт маалымат кызматы.

Баңгизаты менен кармалган жарандар Жайыл РИИБине жеткирилген. Кармалгандардын бири 45 жашта болсо, экинчиси 43 жашта экени жана алар баңгизатты өздөрү колдонуу үчүн чогултуп жүргөнү белгилүү болгон.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
bond02
2018-09-25 15:34:40
Рейд, анан шекшип калып тинтууго алган дебей эле койгулачы э, мындай информацияны сатат укук коргоо органдарында иштегендерге.
+3
tima01
2018-09-25 15:38:36
Ушу менда түшүнбөйм биздин милициялардын көзү ачык болуп кетишкенби же көзү ачыктар мн иштешеби машинада бангизат кетип баратканын көрүп койушса же атайын өздөрү кылышабы.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан