Сузак районундагы Чөкө-Дөбө айылында жайгашкан турак үйлөрдүн биринен өрт чыкты. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өрттү өчүрүү үчүн айтылган даректе учурда 4 бөлүм иштеп жатканын кабарлады.
Анда айтылгандай, 25-сентябрь күнү саат 15:30да Сузак районундагы Чөкө-Дөбө айылында жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө министрликтин Жалал-Абад шаардык №20- аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 3, Сузак райондук №65-өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм тартылган. Учурда өрттү өчүрүү иштери улантылып жатканы айтылды. Маалым болгондой, өрт үйдүн короосундагы мал сарайдан чыккан. Анын чатырында тоютка камдалган чөп жыйылып турган.