Казакстандын Астана шаарында 25-сентябрга караган түнү nur.kz сайтынын журналисти Ирина Бектенова кылмышкердин колунан каза болду. Бул тууралуу аталган сайт жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, азыркы тапта полиция кызматкерлери окуянын чоо-жайын иликтешүүдө. Журналисттин артында 4 баласы жана карыган ата-энеси калды.
"Учурда Астана шаарынын полиция кызматкерлери тарабынан журналисттин өлүмүнө шектүү делип 34 жаштагы жаран изделүүдө. Аны кармоо үчүн бардык чаралар көрүлүп, керектүү экспертизалар дайындалды. Сотко чейинки териштирүү иштери жүрүүдө", - деп билдирген полиция кызматы.
Журналистти акыркы сапарга узатуу аземи 27-сентябрда "Артём" деп аталган соода борборунда өтөт.