Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду кызматка кайтаруу боюнча райондук соттун чечимине каршы доо арызды кароо 30-октябрга жылдырылды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Жогорку Соттун маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, соттук отурум бүгүн, 26-сентябрда Бишкек шаардык сотунда каралмак. Сот отуруму керектүү документтердин толук эместигине байланыштуу жылдырылды.
Өкмөт 17-августта Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун доосу боюнча чыккан райондук соттун чечимине карата доо арыз берген. Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков Матраимовду 2017-жылдын 23-ноябрында "иши саясий жетекчиликтин чечимдерине жана жүргүзгөн саясатына каршы келет" деген жүйө менен Бажы кызматынын төрагасынын орун басарлыгынан алган. 26-апрелде Матраимов "мени негизсиз жумуштан алды" деп Исаковду сотко берген. Матраимов жумуштан мыйзамсыз алынганын белгилеп, кайра өз кызмат ордуна дайындалуусу керектигин талап кылган.
25-июлда Биринчи Май райондук соту Райымбек Матраимовдун Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары кызматына кайра коюу боюнча чечим чыгарган.