Мыйзам артка кайтарылды. Улуу Ата Мекендик согушта чет өлкөдө калып калгандардын бейитине куран окуу үчүн жарандарга каражат бөлүү маселеси кайрадан талкууланат

Жогорку Кеңештин депутаттары "Согуштун, Куралдуу күчтөрдүн ардагерлери жана ооруктагы эмгекчилер жөнүндө” мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун экинчи окууда артка кайтарды. Анда Улуу Ата Мекендик согушта чет өлкөдө калып калгандардын бейитине куран окуу үчүн Кыргыз өлкөсүндөгү туугандарына каражат бөлүү маселеси каралган болчу.

Өкмөт аталган демилгеге каражат жок экенин айтып, мыйзамды четке кагууну сунушташкан. Депутаттар аталган мыйзамга өкмөт каражат табышы керектигин айтып, демилгени кайра иштеп чыгууга артка кайтарды.

Маалыматтарга караганда, аталган согуш учурунда Европа өлкөлөрүндө жана КМШ аймагында 56 миң Кыргыз жараны калып калган. Өкмөт аталган демилгени ишке ашырууга каражат жетпей турганын айтып жатат.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан