"7-номер" аталышындагы кыргыз тасмасы Түркиядагы эл аралык кинофестивалга катышууда

Кыргыздын "7-номер" деген аталышындагы тасмасы Түркиянын Адана шаарында өтүп жаткан Эл аралык кинофестивалга катышууда. Бул тууралуу аталган тасманын продюсери Эрлан Жамгырчиев SUPER.KG порталына билдирди.

Маалым болгондой, фестиваль 22-сентябрда старт алган, 30-сентябрга чейин уланат. Ага жалпысынан 257 тасма катышып, ар түрдүү наамдар боюнча ат салышат.

"Фестивалга катышып жаткан "7-номер" тасмасынын сценарийи Мухтар Атаналиевге таандык. Анда айылда чоң атасы менен жашаган футболчу болом деген өспүрүм баланын кыялы баяндалат. Ал 7-номердеги дүйнөлүк футболчуларды кумир тутат. Футболдун арты менен Түркияга да чакыруу алып, ал жактан өз атасын кезиктирет. Окуя ушундан ары өрчүйт", - дейт ал.

Ошондой эле аталган фестивалга Орто Азия боюнча жалгыз гана Кыргыз өлкөсү катышып жатканын кошумчалап өттү.

"Фестивалга Орусия, Башкортостан, Якутия, Чувашия, Дагестан, Кумык, Алтай, Грузия жана башка мамлекеттердин тасмалары катышып жатат. Ал эми Орто Азиядан жалгыз гана Кыргыз өлкөсү чакырылыптыр", - дейт продюсер.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан