Акыйкатчыны шайлоо. Талапкерлерге суроо берүүгө чек коюлду

"Бүгүн акыйкатчыны шайлап бүтүшүбүз керек" деп депутат Алтынбек Жунус уулу парламенттин жыйынында суроолорго чек коюу боюнча сунуш киргизди. Төрага Дастанбек Жумабеков аталган сунушту добушка койду.

Жыйынтыгында депутаттардын көпчүлүгү сунушту колдоп, суроолорго чек коюлду. Ага чейин суроо берүүгө жазылган 10 эл өкүлү сөз сүйлөмөкчү. Кийин добуш берүү башталат.

Бүгүн, 26-сентябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында акыйкатчыны шайлоо өтүп жатат. Башында 5 талапкер болгон. Жыйындын жүрүшүндө алардын бири Маматурайим Момунов талапкерлигин алып салган. Аны "Бир Бол” фракциясы талапкер катары көрсөткөн болчу. Учурда акыйкатчылыкка ат салышкан 4 талапкер калды. Алар: КСДП фракциясы сунуштаган Токон Мамытов, "Бир Бол" сунуштаган Рита Карасартова, Рыскул Бактыбаев жана "Ата Мекен" сунуштаган Канатбек Азиз.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан