Жогорку Кеңештин депуттары бүгүн, 26-сентябрда Кыргыз Республикасынын акыйкатчысын шайлашты.
Шайлоого катышкан 117 депутаттын 79унун добушу менен Токон Мамытов акыйкатчы болуп шайланды. Ал шайлоодон кийин парламент трибунасына чыгып, депутаттарга ыраазычылык билдирди.
“Мени шайлаганыңар үчүн рахмат айтат элем. Бүгүн айтылган сунуштарды жазып алдым. Кызматка киришкенден кийин ушул иштерди аткарганга аракет кылам. Кыргыз өлкөсүндө адам укугу сакталсын. Рахмат баарыңарга!” - деди Мамытов.