Малайзия, Армения, Иран. Депутат Кыргыздын канча өлкө менен 60 күн каттоосуз жүрүү келишими бар экенин айтты

"Биздин канча мамлекет менен 60 күн каттоосуз жүрүү келишимибиз бар" деп депутат Талант Мамытов парламент жыйынында өкмөт мүчөсүнөн сурады.

Өкмөт мүчөсүнүн айтымында, ондогон өлкөлөр менен мындай келишимге кол коюлган. "Аларга Азербайжан, Армения, Беларусь, Грузия, Казакстан, Орусия, Иран, Малайзия жана башка өлкөлөр кирет. Өзбекстанда Кыргыз жарандары 3 күнгө чейин каттоосуз жүрө алат. Ал эми Өзбек жарандары 5 күнгө чейин жүрүүгө укуктуу", - деп айтты өкмөт мүчөсү.

Мамытов кошуна өлкөлөр менен мамилени жакшыртуу керектигин айтып, Тажикстанга да аталган тартипти киргизүүнү колдой турганын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Sahka
2018-09-27 13:56:07
Алдагандын да эби болот ко окмоттун мучосу Орусияда 30 эле кун го, каттоосуз журууго.
0
Bolunbo.kyrgyz
2018-09-27 14:28:59
Орустар казактар бизде 90 Кун каттоосуз журушот а биз 30 Кун эле журо алабыз
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан