Башкы прокурор: "2010-жылы апрелде өлкөдөн чыгарылып кеткен каражаттардын бири да артка кайтарылган эмес"

2010-жылы өлкөдөн чыгарылып кеткен каражаттардын бири да артка кайтарылган эмес. Бул тууралуу башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов парламент жыйынында билдирди.

Ал Бакиевдер чыгарып кеткен каражаттарды артка кайтаруу боюнча бир нече жолу аракеттер болгон.

Евгений Гуревичтин билдирүүсү боюнча, текшерүү жүргүзүлдү. 2015-жылы прокуратуранын өкүлү Евгений Гуревичтин АКШдагы интервьюсуна катышкан. Бирок анда өлкөдөн уурдалган 200-300 милион доллар боюнча так айткан эмес. Чыгарылып кеткен акчалар тууралуу Гуревичтин билдирүүсүнө чейин эле кылмыш ишинин алкагында текшерүү жүрүп, кайтаруу аракети жүргүзүлгөн. Каражат 2010-жылдын апрелинде Латвиялык банктагы эсепке 4 миллион 5 жүз миң доллар которулганы аныкталган. "Азия универсал банкынын" мурунку директору Михаил Надель менен Гуревич 4 миллион 5 жүз миң доллар акча каражатын мамлекеттен уурдап алган.

Кийин аталган банктан 30 миллион доллар чыгарылып кеткени боюнча документтер келген. Жогорудагы фактылар боюнча Максим Бакиевге, Михаил Наделге бир нече беренелер боюнча кылмыш иши козголуп, эл аралык издөө жарыяланган. Гуревич 5 жыл 3 айга эркинен ажыратылган. Тийиштүү мамлекеттерге акча кайсы багытка бөлүнгөнүн тактоо боюнча тийиштүү суроолор жиберилген. 200-300 миллион доллар кантип чыгарылганы боюнча суроолор берилген. Акчаларды артка кайтарууга жардам берүүчү чет өлкөлүк юридикалык компания менен 2013-жылы ошол учурдагы башкы прокурор Аида Салянова келишимге кол койгон. Бирок азыркыга чейин жооп келе элек, бир да каражат түшкөн эмес. 6 миллион доллар тоңдурулуп турат”, - деди башкы прокурор.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Azi81
2018-09-27 19:09:09
2010жылы озбек кыргыз урушун ошол маалдагы бийликтегилерди дагы сураш керек,себеби бийлик баштаган кадыржан батыров мен суйлошуп келдим дегенго видеосунда эми минтип Бакиевди куноолобой
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан