"Эйр Астана" авиакомпаниясы Сеул-Алматы каттамындагы жаңжал тууралуу маалымат таратканын казакстандык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка таянсак, 19-сентябрдан 20-сентябрга караган түнү Сеулдан Алматыга багыт алган КС-960 каттамында балдар-кыздардын тобу учактын борт коштоочуларына ар кандай жаман сөздөрдү айтып аларга өз кызматын аткарууга тоскоол болушкан. Чуу салгандар алтоо болгон.
"Мындай жүрүм-турумдан улам чуу салган балдар-кыздарга спирт ичимдиктерин берүүгө тыюу салынган. Жүргүнчү кыз жол бою борт коштоочуларды сөгүп, ар кандай жаман сөздөрдү айтып отурган. Ага эскертүү берилип, атайын акт толтурулган", - деп жазылат маалыматта.
Учак Алматыга конгон соң өзүн жаман алып жүргөн жүргүнчү кыз укук коргоо органдарына өткөрүп берилген. Буга чейин казак интернет булактарында жүргүнчү кыздын борт коштоочуларга кылган жаман мамилеси тууралуу жарыяланып, кызуу талкууга алынган.
Эске салсак, Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова кыргыз чиновник аялдын мас болгондугуна байланыштуу Сеул-Алматы каттамындагы учак кармалып жатканын социалдык тармактагы баракчасына жазып чыккан. Кийинчерээк аталган чиновник эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Зууракан Каденова экени белгилүү болгон.