Иранда 27 киши аракка ууланып каза болуп, 176 адам ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Жергиликтүү өзгөчө кырдаалдар кызматынын маалымат катчысы Мойтаба Халединин 30-сентябрда билдиргенине караганда, өлкө боюнча сентябрь айынын акыркы күндөрү спирт ичимдиктерине ууланып жалпы 302 адам ооруканага жаткырылган.
Адамдардын өлүмү Түндүк Хорасан, Хормозган, Альборз жана башка провинцияларда катталган. Каза болгондордун көбү Хормозган провинциясынан, Ирандын Саламаттыкты сактоо министрлиги билдиргендей дагы 8 кишинин абалы оор.
Спирт ичимдиктерин үй шартында мыйзамсыз жасагандар жана саткандар полиция тарабынан колго түшүрүлгөн. 1979-жылкы революциядан кийин Иранда спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынган. Бирок буга карабастан алкоголдук ичимдиктерди саткандардын саны арбын.
Айта кетсек, сентябрь айынын башында Кереж шаарында 40 киши аракка ууланып ооруканага түшкөн, алардын төртөө көз жумган.