Жогорку Сотто Бишкек шаарынын экс-мэри Албек Ибраимовдун баш коргоо чарасы жабык каралууда

Бүгүн, 1-октябрда Жогорку Сотто Бишкек шаарынын экс-мэри Албек Ибраимовдун баш коргоо чарасы жабык каралууда. Сот Ибраимовдун апасы жана аялынан башка аны колдоп келген 100гө жакын адамга соттук отурумга катышууга уруксат берген жок.

Экс-мэрдин жактоочусу Сергей Слесарев соттук отурум мыйзам боюнча ачык өткөрүлүшү керек экенин айтты. Бирок сот анын өтүнүчүн канааттандырган жок.

Биринчи Май райондук соту Албек Ибраимовду камакта калтыруу мөөнөтүн 28-октябрга чейин узарткан чечим кабыл алган. Бишкек шаардык соту 17-сентябрда райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.

Албек Ибраимовго "Дастан" ишканасын жетектеп турган учурда болгон сатып алуулар боюнча кылмыш иши козголгон. 19-июлда Албек Ибраимов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тарабынан кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан