Футбол боюнча кыздар арасындагы жаштар (U-19) курама командасы Азия чемпиондугуна даярдануу максатында 3 жолдоштук беттеш өткөрөт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын футбол федерациясы билдирди.
Кыргыз футболчулары 1-октябрда жана 5-октябрда Тажикстан курама командасы менен беттешип, 5-октябрда Өзбекстандын "Хожаабадка" клубу менен беттешет. Аталган беттештер Ош шаарындагы Асылбек Момунов атындагы футбол академиясында өтөт.
Башкы машыктыруучу Гүлбара Уматалиева бул беттештерде катышуучу курамга 24 оюнчуну чакырган.
Айта кетсек, кыздар арасындагы жаштар (U-19) Азия чемпиондугунун тандап алуу этабы Бишкек шаарында 20-28-октябрь аралыгында өтөт. Анда кыргыз футболчулары Өзбекстан, БАЭ, Гуама жана Мальдив аралдарынын курама командалары менен кез келишет.